Айдоочу эркек кишини сүзүп качып кетти, жаракат алган адам каза тапты

Айдоочу эркек кишини сүзүп качып кетти, жаракат алган адам каза тапты

28.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Бишкекте Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын кызматкерлери эркек кишини сүзүп кеткен айдоочуну кармашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн болжол менен саат 4.30дар чамасында Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук илимий изилдөө борборуна айдоочу жабырланган эркек кишини алып келип өзү качып кеткен.

“Алган жарактатынан улам эркек киши каза тапты. Качып кеткен айдоочу Сокулук районунда жашаган 31 жаштагы А.Э. экени аныкталды”,-деп маалымдашты укук коргоо органдарынан.

Булак:barometr.kg