Айгүл Базиева блогер, жеке ишкер айым :  “ Мен апакемди чексиз сүйөм!”

Айгүл Базиева блогер, жеке ишкер айым : “ Мен апакемди чексиз сүйөм!”

21.05.2023 0 Автор bulut.kg

Өз ишинин мыктысы, шарт сүйлөп шар жүргөн, мекенчил Айгүл айымды апасы тууралуу маекке чакырдык

Алпештеп ак бешикке бөлөп мени,

Арнаган алтын апам өмүр гүлүн.

Ааламда алмаштыргыс асыл адам,

Алдыңа таазим кылам мына бүгүн.

— “Бейиш энелердин таман астында” деген сөз бекеринен айтылбаган чыгар… Эне жөнүндө канча сөз кылсак да түгөнбөйт.  “Баа жеткис изи калган бул өмүрдө, балалык кыялдарга багынамын” дегендей, сиздин да балалыгыңызга баш баксак.

-Балалык чагым Кара-Кулжа районуна караштуу Терек-Суу деген айылда өттү. Биз 6 бир тууганбыз: 2 кыз, 4 эркек. Бир туугандарымдын ичинен үчүнчүсүмүн. Апам: “Атыңды Айгүл деп сени төрөткөн врач эже койгон”, ‒ деп айтып калат. Атам аябай мээнеткеч адам. Союз учурунда чабан болуп, түйшүк менен бизди багып чоңойтту. Терек-Суу орто мектебине биринчи класска барып, ошол эле мектептен окуумду аяктадым.

-Кайсыл сапаттарыңыз апаңызга окшош, апаңыз сиздин кайсыл мүнөзүңүздү жактырат?

-Апакемдин мүнөзү жумшак, аябай ак көңүл, боорукер аялзаты. Ушул мүнөзү менде да бар. Анткени апам: ”Сен аябай ак көңүл, боорукер, жайдары жана ишенчээксиң”, ‒ деп айтып калат. Апам ушул мүнөзүмдү жактырат.

-“Балаңды эмес, өзүңдү тарбияла, анткени баары бир сага окшош болот” дегенге кошуласызбы?

-Албетте, бала энеге көбүрөөк окшош болот. Ошол үчүн баланы эмес, өзүбүздү тарбиялашыбыз керек! Себеп, балдар бизден үлгү алат эмеспи. Кыргыз деген улутту дүйнө элине тааныткан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов: ”Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы ‒ үйүнөн адам болор баланы тарбиялоо”, ‒ деп өтө таамай айткан экен.

-Кичинекей кезиңизде апаңыз менен кай жакка чогуу барууну жакшы көрөр элеңиз?

-Кыздардын кичинеси болгондуктан, апам дайыма мени өзү менен кошо той-топурга, конокко ээрчитип алчу. Бул нерсе мени өтө кубанычка бөлөчү.

-“Энеңизди сагынып барсаңыз, конокко кетип, же башка себеп менен үйдө жок болсо, кандай сезимдер болот?

-Ооба, “Эне үйдүн куту” деп бекеринен айтылбаса керек. Эсимде, бир жолу бир туугандар чогулуп алып ата-энемдин үйүнө барсак, бизди кубанычы койнуна батпай кучагын жайып тосуп алган апакебиз жок. Тойго кетип калган экен. Баарыбыз чыдамсыздык менен күттүк. Анан бир кезде апакем келип, үй ичи шаңга бөлөнүп, тим эле өзүбүздү бактылуу сездик.

-Тентектик кылып апаңызды таарынткан күндөр болду беле?

-Ой, мен аябай тентек кыз элем. Тентектик кылып апакемдин таягын да мен көп жедим окшойт. Тил укпай көп эле жолу таарынтып алчумун.

-Атаңызга жакынсызбы же апаңызгабы?

-“Ата сырткы тон” деп коюшат го. Анынсыңарындай биз көбүрөөк апакебизге жакынбыз. Негизи биздин ата-энебиз аябай токтоо, анан кайраттуу инсандар. Баланы деле көп эркелетишпейт. Менимче, ички сезим менен сүйүп, жүрөгү менен жакшы көрүшөт болуш керек.

-Ар дайым апаңыздын кайсыл сөзүн эстей бересиз?

-“Бирөөнү сөз кылбагыла! Тебетей тегеренгиче башыңарга келет” деген апакемдин өтө курч сөзүн стимул кылып алгам.

-Апаңыздын берген тарбиясы турмуш деген зор мектепте таасири тийдиби?

-Албетте! Апакемдин берген темирдей катуу тарбиясы турмушта көп пайдасын тийгизди. Жашоодо аксап калсам да, өз аракетим менен бутума туруп кеттим десем болот. Мына, дал ушул сапат апакемден алган тарбия деп эсептеймин.

-Эң алгачкы апаңызга берген белегиңиз …

-Эстеп көрсөм, апакеме көп эле белектерди берген экем. Биринчи берген белегим эсимде жок. Быйыл апакемди санаторияга алып барып эс алдырып келдим. Буюрса, апакем менен чогуу жакынкы күндөрдө Ташкентке жөнөп жатам. Көп жакшы жерлерге алып барып көрсөтүп, эс алдыргым келет.

-Небере ширин деп коюшат. Апаңыз неберелерине кандай таене?

-Балдарына апакем каардуу эне болду. Бирок, неберелерине аябай жумшак. Бизден да көбүрөөк неберелерин жакшы көрөт.

-“Кубанып, эркелетип, жытым искеп, кучактап өпкөнүңдү сагынамын” деген ыр саптарындагыдай,  сиз апакеңизди сагынып, куса болгондо эмне кыласыз?

-Апакемди сагынганда ыйлап алам. Айрыкча, кээде бир нерсеге маанайым түшүп калса эле апакемди сагынып, ошол замат кучактап, эркелеп жатып бардык көйгөйлөрдү унутуп салгым келет. Мен апакемди чексиз сүйөм! Биздин алтын ата-энелерибиз көп жашасын! Дайыма бар болушсун!

-“Эне тилим-эне сүтүм” деген макалга биз жашап жаткан чөйрө дал келеби?

-Бул маселе мени көптөн бери ойлондуруп келет. Биздин кийинки муун таптакыр өз эне тилинде сүйлөбөй калганы курч көйгөйдү жаратат.  “Ушул нерсени канткенде жеңебиз? Чарасы барбы? Кыргыз тилин өнүктүрбөй эле өлтүрүп жаткан жокпузбу!” деген кайрылууну  фейсбуктагы баракчама жазган элем. Бала бакча, оюн аянтчаларында орусча сүйлөп жаткан балдарды көрүп, зээним кейип, ыйлагым келет. Кээ бир ата-энелер таарынбагыла! Балдарыңар орусча сүйлөсө сыймыктанасыңар. Бирок, баланын патриоттук сезимдерин өзүңөр өлтүрүп жатасыңар!