Айбек Нур: ЖАКШЫ ЖАШООНУ ЖАРЫКТАН ИЗДЕЙМ

2018-2019-жылдын «Мыкты журналисти», 2019-жылдын «Мыкты жазуучусу», «Кыргыздын кыраан жигити», «Мезгил мыктысы» сыйлыктарынын ээси, акын, жазуучу, журналист Айбек Нурдун «Кан коё бербейт» аттуу туңгуч китеби жарык көрдү. Кыргыздын керегине жарай турган, бычакка сап уулубуз менен кенен олтуруп маектештик.

— Арыбаңыз Айбек мырза! Алгач «Кан коё бербейт» аттуу туңгуч китебиңиз туурасында сөз кылып өтсөк. Аталган повесть эмне жөнүндө баяндалат?

— Бар болуңуз! Ырахмат. КАН КОЁ БЕРБЕЙТ повести аты айтып тургандай, кандуу окуя менен коштолгон ары кайгылуу, ары бактылуу чыгармалардын бири. Бул туурасында баарын айтып берип койсом, окуй элек окурмандар үчүн кызыксыз болуп калышы мүмкүн. Ошол себептен, ар ким өзү окуп, жакындан таанышып алганы дурус болот го деген ойдомун.

— Туура айтасыз, чыгарма турмуштан алынганбы же ойдон чыгарылганбы?

— Жакшы суроо узаттыңыз, бул чыгарма чыныгы жашоодон алынган. Мындагы каармандардын айрымдары азыркы учурда тирүү. Алардын айтып берүүсү менен көркөмдөлүп жазылды. Ойдон чыгарылган чыгармалар элдин жүрөгүнөн орун таба албай калышы ыктымал, ошондуктан чыныгы окуяларды гана жазууга тырышам.

— Кан коё бербейт повести коомго кандай таасирин тийгизет?

— Албетте, оң таасирин гана тийгизет деп баса белгилеп айта алам. Бул повесть сүйүүнү даңазалаган чыгармалардын бири. Көчөгө чыгып, азыркы жаштардан сүйүү эмне экенин сурап көрүңүзчү, так жооп узата алышпайт. Мына ушул китеп сүйүүнүн эки тарабын тең так, даана көзгө сайып көрсөтүп, айтып бере алат. Ошол себептен, муну ар бир адам окуусу кажет. Эмнеге дегенде, соңку мезгилдерде үй-бүлөлөр болбогон бир түшүнбөстүктөрдөн, чыр-чатактардан улам ажырашып жатышат. Мунун себеби түйшүгү түрлүү турмушту оор сезип, жеңил алып кете албаганында. Бири-бирине болгон сый-урматтын, жылуу сезимдин жоктугунан улам болууда. Аты аталган чыгармада бир гана сүйүү жөнүндө баяндалбастан, турмуштун түмөн түйшүгүн жеңил жеңүүгө, эмгекчил болууга, жакын адамыңды, андан да мурун өзүңдү сыйлоого, ар дайым жоопкерчиликтүү болууга, Аллахтын сүйүүсүнөн айрылбоого, айтор, бир сөз менен айтканда татыктуу жашап өтүүгө үйрөтөт.
Учурдан пайдаланып, китепти ойдогудай мыкты сапатта чыгарып, дизайнын сонун жасап бергендиги үчүн Volkart басмаканасына терең ыраазычылыгымды билдиргим келет.

— Бир кызыктуу жерин айтып кетпесеңиз болбой калды?

— Чыгармада башкы каарман Айлиндин тагдыры өтө оор баяндалат. Атасыз өскөн кыз, энесинен да ажырайт. Ал аз келгенсип, кийин зордукталат. Мына ошол коомго аты жайылып, ачыкталып калган зордукталган кыз бактылуу жашап кете алабы? Башка кыздардай таалайы тегиз боло алабы?.. Мына ошол соболдор да кабыргасынан коюлат. Сизге суроо «- Чындыгында андай кызды жубай кылып алат белеңиз?..» Көрдүңүзбү, сиз да шар жооп бере албайсыз. А мунун жообу китепте кенен жазылган.

— Сөзсүз окуш керек экен, мен да абдан кызыгып калдым. Анан ал башкы каарман турмушка чыкпай, өзүнө өзү кол салабы?

— Көрдүңүзбү, китепти өзүңүз эле окуганыңыз жакшы. Мен айтып койсом, ысыгы муздап, кызыгы тарап кетет.

— Дизайны, сапаты мыкты китепти кармап көрүп жатып, абдан сонун жазылганын​ туюп турам…

— Укмуш жазылган чыгармалардын бири деп баса белгилеп баа бере албайм. Кантсе да бул менин биринчи эмгегим. Ошондуктан окурмандар өздөрү окуп көрүп, андан соң баалайт деп ойлойм.​ Туңгуч чыгармам окурман үчүн тарбиялык маанисин бере алган болсо, анда мен көздөгөн максатыма жеттим деп ойлойм.

— Эми жеке жашооңузга кайрылсак, балалык чагыңыз кайсыл аймакта өткөн?

— Ырахмат. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында 1997-жылдын 14-июлунда жарык дүйнөгө келгем. Бактылуу балалыктын көз ирмемдери ошол айылда өттү. Атам Сайидинов Нурлан, апам Жунушалиева Нуруйла.
Ата-энеме өтө ыраазымын. Ааламда бар мыкты сөздөрдү чогултуп келип,​ мактасам да,​ алардын зор эмгегинин чекитине да татыбастыр…

— Жакшы жашоого умтулганыңызды көзүңүздөн көрүп турам?..

— Албетте, ар бир адам жакшы жашоого умтулуп жашайт. Ким эле жаман жашоону эңсесин?!!
Мен дайыма жакшы жашоону жарыктан издейм. Жарык жашоодо баардык жакшылыктар бар деп билем.
— Алдыга койгон пландарыңыз?
— Дагы бир чыгарманын үстүндө иштеп жатам. Аллахым буйруса, 2020-жылы жарык көрөт. Азырынча бул сыр болуп турсун.
— Чыгармачылык ийгилик каалайбыз! Калемиңиз курчуй берсин!

Маектешкен Чыңгыз Жолдубай уулу