Айбек Нур: Бозгун президенттерди кудайындай көргөндөр бар…

2018-2019-жылдардын “Мыкты журналисти”, 2019-жылдын “Мыкты жазуучусу”, “Кыргыздын кыраан жигити”, “Мезгил мыктысы” наамдарынын, “Кыргызымдын мыкты жигити” төш белгисинин ээси, курч калемдүү журналист, жазуучу Айбек Нур менен маектештик. Жаш болсо да көптү билген кыраакы жигит экенин байкап, олуттуу соболдон салып, кепке тарттык.

— Арыбаңыз Айбек мырза, бүгүн сиз менен саясат туурасында сүйлөшкүм келип турат?!!

— Бар болуңуз! Абдан жакшы тема экен…

— Айтсаңыз, Кыргызстанда азыркы тапта саясий өч алуу болуп жатат дегенге кошуласызбы?

— Серепчилер барган сайын Алмазбек Атамбаевдин формалдуу саясий институционалдык рычагдары деле калбагандыгын, президент Сооронбай Жээнбеков ачык конфронтацияга чыкпаса да, экс-президент үчүн иштеген саясий күчтөрдү тымызын тазалап келе жатканын баса белгилеп келишет. Ооба, Сооронбай Шарипович бийликке келгенден кийин ички саясаттагы күрөштүн мүнөзү өзгөргөндүгү, бийликтеги күчтөрдүн ич ара тиреши айдан ачык көрүнүп турат. Айткандай эле, А.Атамбаев өзү баш болуп тарапташтарынын басымдуу бөлүгү темир тор артында олтурушат.

Бул тирештин аягы эмнеге алып барат?

— Мунун арты туңгуюк. Негизи кыргыз саясатында эртең эмне болуп кетээри таптакыр белгисиз. А.Атамбаев менен С.Жээнбековдун тиреши тарыхта калчу саясий конфликт.

Эки ажонун тирешин кантип токтотууга болот деп ойлойсуз?

— Саясий күчтөрдүн, медианын токтотууга аракет жасоосунун кереги жок. Ооба, керек болсо аракет да кылбай эле коюулары керек. Себеби, бул тиреш бийлик алмашмайынча токтобойт. Алмазбек Атамбаев жана убагында ага иштегендер жакынкы аралыкта темир тордон чыкпайт.

Чынында экс-президенттин жана анын убагында иштегендердин күнөөсү бар деп ойлойсузбу?

— Эми алардын күнөөсү бар же жок экенин тиешелүү органдар аныктайт деңизчи. Ошентсе да Кыргызстандын атуулу катары өз оюмду билдирүүгө укуктуумун… Албетте, алардын мойнуна тагылган айыптардын чын-төгүнүн билбейм, бирок, ал болобу же башка болобу, кайсыл жакта болбосун катачылыктары сөзсүз бар. Бирөөсү жогору жактын буйруктарын үн катпастан аткарса, бирөөсү ошол буйрукту берген жана өз кызыкчылыктарын коргогон.
Эгемендүүлүк алганыбыздан бери жарыбай койдук ачыгын айтканда. Азыркы тапта өлкөбүз ит ыйлаарлык абалда. Караңгы түндүн жарыгы бар, бул кезеңден да аман-эсен өтүп кетээрбиз…

Мурунку президенттердин кайтып келүүсүнө кандай карайсыз?

— Албетте, алар канчалык каалашпасын өз эрктери менен кайтып келишпейт. Күч колдонуп гана алып келүү жолу бар. Бозгун президенттер качандыр бир убакытта сөзсүз жазаланышы керек. Аларды кудайындай көргөн кээ бир колдоочулары бар, айла жок арсыз күлгүң келет. Кабыргаң кайышып, белиң сынып турса да “повод” бербейбиз го чиркин. Кудай бар, баарына тараза. Ар ким өзүнүн кылган күнөөсүнө карата жазасын сөзсүз алат!

— Кыргызстанда таза шайлоо өткөнүнө ишенесизби?

— Жок, буга чейин өлкөдө таза шайлоо өткөнүнө ишенбейм, эл дагы ишенбейт. Эгер таза шайлоо өтүп, таза адамдар бийликке келип иштей турган болсо, анда баары азыркы күндөй эмес, таптакыр башкача болмок. Албетте, элге-жерге күйгөн патриот азаматтарыбыз жок эмес, бирок бийликке алар эмес мансапка, башкарууга жутунгандар келип жаткандыгы өкүнтөөрлүк.
Калк деле кандай кылыш керек экендигин түшүнүп калды окшойт. Кийинки шайлоолордо добуштарын сатышпайт деген ишеничтемин. Жакында эле “Бир Бол” партиясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов “Добушуңарды миң сомго эмес, 10-20 миң сомго саткыла” деп айтып чыкты. Мен муну кандай бааларымды ачык айтпасамда түшүнүктүү. Ал муну менен бир жарандын тагдырын, Кыргызстандын келечегин арзан бааларын көрсөтүп койду. Бир жылда 365 күн болсо, алты жылда (президенттик мөөнөт алты жыл) 2190 күн бар. 20 миңди алты жылга бөлсөк, ар бир күнгө 9 сом 13 тыйындан тийет. А кылымдарга бөлсөк , кумга сиңген тамчы суудай эч нерсеге арзыбай калат. Бул депутат Кыргызстандын келечеги сатылбай турган баада экенин билбейт экен да…

Журналист катары кандайдыр бир саясий иштерди иликтеп көрдүңүзбү?

— 8-канал менен иштешип жүргөн чагымда 2018-жылы “Тогуз-Торо тополоңу” деген аталыштагы иликтөөнү алгачкы ирет жүргүзүп көргөм. Азырынча мындан башка атайын иликтөө иштерин жасап көрө элекмин, бирок алдыңкы планымда бар.

А саясатка аралашуу туурасында ойлор барбы?

— Ооба, эртеби-кечпи саясатка баары бир аралашам. Жан күйдүргөн, арга жок күлдүргөн, куураган куу турмуштан көңүлүм такыр калды. Жетишпеген көр турмуш, үмүтсүз карек, жумушсуздук, куураган ата-эне… Карапайым калктын жашоосун көрүп зээним кейип, муун-жүнүм бошоп, боздоп ыйлагым келет. Минтип олтурсак, эртеңибиз эмне болот белгисиз… Мансап, бийлик бул убактылуу гана нерсе. Чоңдорубуз эси барда этегин жыйып, алкымын тыйып, колун тартып, оңго басып иш кылышса жакшы болоор эле…
өнүгүп жаткан өлкөлөрдү көрүп суктанам. Эмнеге биз алардын катарына кошула албайбыз деген суроо туулат. Качан бийлик тазаларга алмашмайынча өнүгүү бизде жок. Эми баары жакшы болуп келе жаткандай көрүнөт, бирок андай эмес… Келечекти бүгүн ойлобосок, эртең кеч болуп калат.

Жаштарга кандай кеңеш бере аласыз?

— Келечек деп эртеңкини күтүп жүрө бергендерге таң калам. Анткени, келечек мына бизпиз. Биздин багытыбыз кайда бурулса, муундарыбыздын жолу ошол жака салынат. Ошол себептен күнүмдүк көр турмуштун кызыкчылыгына сүңгүп кирип кетпей, жеке кызыкчылыгыбызды коргобой, бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырбай ойлонуубуз абзел. Андыктан жеңил оокатка азгырылбай, бактыбызды бекемдөөгө тырышалы. Эл бактылуу болуп, мекен тынч болсо, анда баары жакшы болот. Жаркын жашоону өзүбүздөн баштап, бири-бирибизди толук колдосок баарына жетебиз! Мен ишенем, Кыргызстан дүйнөдөгү эң мыкты мамлекеттердин катарына кошулат!

Тилектер ишке ашсын! Сизден көптү күтөбүз, бар болуңуз!

Маектешкен Бактыгүл Кудайбергенова

Булак: Bulut.kg