Айбек Маткеримов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Биздин максат — элибизге берген убадабызды аткарып, элдин үмүтүн актоо!”

Айбек Маткеримов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Биздин максат — элибизге берген убадабызды аткарып, элдин үмүтүн актоо!”

05.08.2023 0 Автор bulut.kg

— Адам канча жашта болсо да балалыгын унутпайт эмеспи.  Алгач  сиздин да алтын күндөргө көз чаптырсак. Кайсыл жердин кулунусуз?

-Балалыкка кайрылсам, менин эң таттуу, эң кымбат, эң бактылуу

күндөрүм ата-энемдин көз алдында, мээримине бөлөнгөн, чүкө ойногон, чырпыктан ат жасап боз ала чаңды сапырып чуркаган кең жайыттуу Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Каңды айылында өттү. Таштак мектеп-гимназиясын аяктап, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетине тапшырып ийгиликтүү аяктагам.

-Бул кесипти тандооңузга эмне себеп болду?

— Атам дарыгер эле. Ошондон уламбы мага дарыгерлик кесип башкача туюлчу, мектепти аяктаган соң атамдын жолун жолдоп дарыгер болууну чечтим. Атам да акушер-гинеколог  болгон. Тагдырдын жазмышы экен, жаш кезимде эле атамдан эрте айрылдым. Үй-бүлөдө төрт бир тууганбыз. Апам бизди жалгыз өстүрүп чоңойтту, эрезеге жеткирди. Биздин бактыбызга апам ден соолукта, узун өмүр сүрүшүн тилейбиз.

-Эмгек жолуңузда кандай ийгиликтерге жетиштиңиз? 

— Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарылоо факультетин аяктаган соң, акушер-гинеколог дарыгери болуу үчүн Ош шаардык перинаталдык борбордо эки жыл ординатурада болдум. Аталган борбордо акушер-гинеколог дарыгери болуп өз жумушумду баштагам. Кийинчерээк төрөт бөлүмүнүн башчысы кызматын аркаладым. Андан соң Ош шаарынын төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары болуп эмгектендим. Мени кийинчерээк  2019-2020- жылдары Жалал-Абад областтык төрөт кызматынын координатору кылып которушту.  Андан соң Сузак райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы кызматына которулуп, ал жерде алты жылдан ашуун элиме кызмат кылдым. Бул эмгегимдин артында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Саламаттыкты сактоонун отличниги деген ардактуу төш белгиси менен сыйландым. Жогорку категориядагы врач-акушер-гинекологдеген категорияны алдым. Бул ийгиликтерге жетүүдө агамдын чоң салымы бар деп айтсам туура болчудай.

-Анда медицина кызматкери Жогорку Кеңешке кандайча барып калды?..

-Элибиздин өтүнүчү, суранычы менен депутат болууга ат салыштым. Элибиздин колдоосу аркылуу өзүбүздүн шайлоо окуругубуздан Барпы айылдык кеңешке эң жогорку добуш менен биринчи орунга чыгып депутат болуп шайландым. Айылдык кеңеште төрт жыл иштедим.  Бул кызматка келгенден кийин элибиздин көйгөйүн жон терим менен сездим. Бул маселе бир эле айылдык кеңеште чечилбесин көрүп, жогору жактан чечилишин түшүнүп, кээ бир жерде элибиздин жашоо шарты менен карама-каршы жазылып калган мыйзамдар бар экенин, кээ бир мыйзамдар чыныгы биздин элибиздин муктаждыгына жараша эмес, үстүртөн жазылып калгандыгын байкап Жогорку Кеңешке да барсакпы деген ой пайда болгон. 2020-жылкы өткөн парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясы менен шайлоого аттанганбыз. Бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгып, өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2021-жылы кайрадан парламенттик шайлоо болуп, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын төрагасы катары биздин партияны жетектеп шайлоого катыштырып, шайлоодо биздин партия эң чоң мандат, тактап айтканда 15 мандат менен биринчи орунга чыгып Жогорку Кеңешке депутат болуп келдик. Кудайга шүгүр. Кудайдын колдоосу менен элибиздин ишеничи менен ушундай жакшы ийгиликтерге жетип отурабыз. Эми бул жерге келгенден кийин биздин максат элге берген убадаларыбызды аткарып, элибиздин үмүтүн, ишеничин актап, элибизге керектүү мыйзамдарды жазып жана ошол мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө.

-Жеке жашооңуз тууралуу да айтып өтсөңүз. Үй-бүлө, бала-бакыра дегендей…

Үй-бүлөлүүмүн. Келинчегим менен бир кызды тарбиялап келебиз. Ар дайым камкор жолдош, мээримдүү ата болууга тырышам.

 

Булак: BULUT. KG