Айбек Алтынбеков сел жүргөн жерде жашоочулар менен жолугушту

Айбек Алтынбеков сел жүргөн жерде жашоочулар менен жолугушту

09.08.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Быйылкы жылы адам затына гана эмес, жаратылышка да оор таасирин тийгизген жылдардан болду окшойт. Көп жааган жамгырдын кесепетинен Базар-Коргон районуна караштуу Арсланбап айылында улам-улам сел жүрүүдө. Ар бир сел жүргөн сайын Жогорку Кеңештин депутаты мекенчил уулдарыбыздын бири Айбек Алтынбеков жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, материалдык жана гуманитардык жардамдарды берип жатат. Кыйын кырдаал түзүлгөндө эл арасында болгон депутатка аймактагылар ыраазы. Негизинен алып караганда Айбек Алтынбекович кандай кырдаал болбосун Базар-Коргондук жердештеринен жардамын аябайт. Жыл башынан бери дүйнөнү каптаган таажы вирусу биздин өлкөбүзгө да баш багып, эки ай карантинде үйгө камалып олтурдук. Ошол учурда башка мекенчил уул-кыздарыбыздын катарын толуктап, Айбек мырза Базар-Коргондуктарга 50000 тонна ун, 10 тонна суумай жана башка тамак-аштарды өз каражатынан алып берди. Медиктерибизге коргонуучу кийимдерди даары-дармектерди андан сырткары атайын медицина кызматкерлерин жумушка ташуу үчүн маршруттук такси уюштуруп бергенин, баса белгилеп айтпай коюуга болбос. Ал эми пандемияга кабылып, көптөгөн жарандарыбыздын абалы оор болуп жаткан учурда да Айбек Алтынбекович сыртта карап турбай аймактык ооруканага  дем алдыруучу апараттарды, керектүү жабдыктарды сатып берди. Атайын кышка карата даярдалып жаткан стационарга 200000сом андан сырткары Базар-Коргондун демилгелүү жаштары уюштурган COVID-19-стоп аталышындагы жардам берүү демилгечи тобуна, жаштардын катарын толуктап жардам иретинде 50000сом кошумча кошту.  Мен эмнени айткым келип турат. ЖКда олтуруп алып, кээ бир кесиптештерине окшоп, министрлерге же агенттиктин директорлоруна күпүлдөп, өзүн пиар кылбай, жердештерине ар дайым жардам берип келет. Айрыкча жетим-жесир, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жаштарга көмөк көрсөтүүдөн качпайт.

Нурайым Асылбекова

Булак: BULUT.KG