Айбек Алтынбеков:  Апам, өтө өжөр эмгекчил

Айбек Алтынбеков: Апам, өтө өжөр эмгекчил

01.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

“Энелүүлөр картайбайт” аттуу рубрикабыздын бүгүнкү коногу — Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков. Айбек мырза, көптөргө окшоп өзүн калп пиар жасай бергенден алыс. Жакындан билгендер мекенчил, эч убакта кылган жакшылыгын жарыялабаган, сөзгө бекем, жетим-жесирге тирек болгон, кичи мекенине бала-бакча, жол деги койчу бардык социалдык проблемаларды чечүүдө аянбайт дешет.  Бизге болсо, апасы тууралуу кызыктуу, ары элестүү маек куруп берди. Сөз өз орду менен болсо…

—Энелүүлөр картайбайт деген сөздүн канчалык чындыгы бар деп ойлойсуз?

—Негизи элибиз байыртадан эле  сөздү кадырлап, барктап келгендиги анык. Ар бир айтылган макал-лакап таасын айтылган. Энелүүлөрдүн картайбастыгы анык. Жашың канчага келсе да апаң үчүн сен баары бир бала бойдон калат экенсиң… Өзүмдөн улам билем, жашым кырктан ашып калса деле, апам үчүн баламын. Менин чүчкүрүп калганымды укса апам убайым тартат, кам көрөт, жок дегенде сурап турат.

—Апаңыздын кайсыл сапатын баалайсыз?

—Апам өтө өжөр, эмгекчил, бир сөздүү, кээ бир эркектерге караганда көп маселени чече алган чечкиндүүлүгү менен мени таң калтырат.

—Бал татым балалыгыңызды эске салсак?..

—Балалыгым Базар-Коргон районунун Көктонду  ( мурункуПравда) деген  тоолуу айыл жеринде өттү. Беш бир туугандын улуусумун. Совет доорунда улуу неберени чоң ата менен чоң апа багат деген түшүнүк бар эмес беле. Мен да ошол тартип менен чоң атамдын колунда тарбияландым. Чоң апам Зирегүлдү апа деп бой жеттим. Мени гана эмес, башка бир туугандарды да Зирегүл апам торолтту.

   Балалыгым эң сонун өттү. Атагы алыска кеткен Арсланбаб тоосуна чектеш жайлоолорду аралап, жаңгак, мисте токойлорунда козу-улак кайтарып, ат минип, ит агытып дегендей, балалыктын кайрып алгыс күндөрүн өткөрдүм.

—Азыр балалык күн көз алдыңызга тартылганда биринчи кайсыл көз ирмем эске келет?

—Жашыл жайлоо, желеде кыркалекей тизилген кулундар, ак жоолугун  желге желбиретип, отун көтөрүп келип,  очокко суу ысытып бизди киринткени камданган Зирегүл апам тартылат.

—Чоң апаңызды өтө жакшы көрсөңүз керек?..

—Жакшы көрөм. Кудайга шүгүр чоң апам  87 жашка келип калды, учурда бактылуу чоң эне, балпайган байбиче катары төрдүн көркү. Мен тактап айтканда, үч энеден тарбия алдым. Чоң апам Зирегүл кирпигибизге кир жугузбай багып, таалим-тарбия бергени менен, көп санжыраларды мен Айкыз таенемден үйрөндүм. Айкыз таенем Зирегүл апамдын апасы. Байкуш таенем көп бала төрөгөнү менен баары каза болуп, Зирегүл апам гана аман калган. Ошондуктан Айкыз таенем биздин колдо боло турган. Таенемдин тарбиялуу, нускалуу кептери менен эс тарттым. Ал эми төрөгөн апамдын аты Жаркынай. Азыркы даражага жеткениме Жаркынай апамдын салымы өтө зор.

 Биздин мектеп курагыбыз эсил кайран СССР ураган мезгилге туш келбедиби. Бир заматта эле көп нерсе талон менен берилип калды. Окуу куралдары тургай тамак-аш тартыш, көпчүлүк үй-бүлө нанга жетпей калган тартыш мезгил болгон. Ошондой күндөрдө бизди эч нерседен кем кылбай багуу үчүн Жаркынай апам көп эмгектенди. Курут жасап, керек болсо, жарма саткан күндөрү болду. Апам биз үчүн кандай эмгек болсо да баш тартпай курсагыбызды ачырбаска далалаттанып,  колу туурулганча иштеди. Ак эмгегинин мээнети кайтып, азыр өз алдынча ишкер айым. Баарыбыз үчүн ишкерликтин уюткусу апам экендигин жашыргым келбейт. 

—Апаңыздын кайсыл сапаты сизде камтылган?

—Чечкиндүүлүгүн алып жүрөм деп ойлойм. Апам өтө чечкиндүү. Бир ишти жеринде туура  чечет.

Жубайын апа ордуна көрүп жүргөндөрүн жолуктурган жайым бар…

— Кызык го. Эч качан андай болушу мүмкүн эмес!  Эми мындай да, ар кимдин өз ою, өз жолу бар дегендей. Кандай эркектер аялын апага салыштырат аны мен тактап айта албайм. Бирок, менин аялым менен апамдын орду асман менен жердей. Аял киши ал  сенин өмүрлүк жарың, балдарыңдын апасы экенин баса белгилеп кетким келет. Жубайымдын канча мээнети мага өткөнү менен апамдын ордун алмаштыра албайт деп так кесе айта алам.  “Бейиш эненин таманы астында” деп бекеринен айтылбаса керек.  Мен үчүн апам — бейиш.

—Апаңызды өтө бааласаңыз, жубайыңызды апаңызга салыштырып издесеңиз керек?

Кандай десем,  негизи жубайымды апам тандаган.

—Демек, жубай тандоодо да апаңыз чечкиндүүлүк кылган экен да…

—Андай деле эмес, менин үйлөнүү жашым келгенде ата-энем “жакшы тарбиялуу бир кыз бар экен сүйлөшүп көрсөң, эгер көңүлүңө жакса үйлөн” дешти. Мен барып, кызды көрүп сүйлөшкөндө  көңүлгө туура келип калгандыктан баш коштум. Кудайга шүгү, жакшы эле жашап жатабыз. Үч уул, эки кызым бар.

—Идиш-аяк кагышпай тынч жашайбыз дегендерге айтаар кебиңиз?

—Идиш-аяк кагышпаган үй-бүлө болбосо керек. Бизде деле кагышат. Бирок ошол идиш-аякты көп кагыштырбай эркек жигиттик мүнөз күтүп, аял аяр болсо жашоо уланат экен деп ойлойм.

—Келинчегиңиздин сиз баалаган сапаты?

—Мага жаккан сапаты көп эле. Башкы сапаты — мени сыйлаганы жана үйдөгү сырды көчөгө айтпаганы.

—Келин менен кайнененин камыры бир жерден үзүлөт дегенге кошуласызбы?

—Келин кайненеден алган үлгүсүнөн улам экөө окшошуп калса керек  да. Апам өтө сүрдүү киши. Кайраттуу, баарын өз ордуна койгон. Кээ бир кишилер апамды каардуу кайнене болсо керек деген пикирлерин айтышчу. Бирок апам жумшак кайнене болду, келиндерине катуу айтпай, жумшак тарбиялады.

—Баланын билеги ооруса, эненин жүрөгү ооруйт деп айтылат…

—Калетсиз айтылган кеп, мен тургай балдарым сыркоолоп калса да апам кирпик ирмебей жаныбызда болот. Эненин жүрөгүндөй жүрөк жок экен го.

—Апаңыздын кайсыл тамагын сүйүп жейсиз?

—Апам бардык тамакты катыра жасайт. Кайсыл тамагы болсо да сүйүп жейм. Азыркы күнгө чейин апам тандырга өз колу менен нан жаап, мени балдары менен жесин деп  салып турат. Апамдын нанын балдарым менен тамшана жейбиз.

—Апаңыз Баяман Эркинбаевдин бир тууганы экенин уккан жайым бар эле…

—Ооба, апам депутат, спорт чебери маркум Баяман Эркинбаевдин бир тууган эжеси. Апамдар көп бир тууган болгон. Раматылык Баяман тагам сүрдүү, эр жүрөк жигит эмес беле. Менин спортко кызыгып калышыма тагамдын салымы чоң. Бизден келечекте чоң спортчу чыкса деп үмүттөнөр эле. Эми ал киши жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт.

   Апам үчүн бир тууганын жоготуу өтө оор болду. Андан кийин  баласы каза болду. Бул жоготуулар апам үчүн кыйынга турду. Сыртынан сыр бербей, душмандарына көз жашын көрсөтпөөгө тырышты. Бирок ичи өрттөнүп дале күйөт. Бул жоготуулар апамдын чачын агартты.

—Хоббиңиз?

—Тоолук жигит болгондуктанбы аң уулоону жактырам.