Айбек Алтынбековдон Базар-Коргонго жардам берилди
30.03.2020
Ааламды каптап, 220 мамлекетти аралай чапкан таажы вирус өлкөбүзгө кирип келгенден бери ар бир жарандын жүрөгүндө эртеңки күн эмне болот деген кооптонуу бар экени жашыруун эмес.
Көрүнбөй келген душмандан кантип сактануу айласын таппай, кай жактан келип калат деп, ар бирибиз коңулга башыбызда катып жатканда, медицина кызматкерлери менен милиция кызматкерлери биздин коопсуздугубузду сактап күн-түн бел чечпей иштеп жатканы кубанычтуу болсо, бир эсе аянычтуу көрүнүш.


Элибиз кыйынчылык кырдаалга кептелип турганда, Базар-Коргондун кулуну Жогорку Кеңештин депутаты, ар дайым жердештеринен жардамын аябаган Айбек Алтынбеков тарабынан, район борборундагы аймактык ооруканада жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда таажы вирустун алдын алып, ар ыктымалга каршы, эмгектенип жаткан медицина кызматкерлерине көп ирет колдонулуучу бет каптар, медициналык кол каптар, ар кандай антисептик каражаттар жардам иретинде берилди. Дарыгерлердин эң кубануу менен бизге билдиргени, А. Алтынбеков тарабынан, өз каражатына дарыгерлерге маршруттук такси уюштуруп бергени. Үч багыттагы маршруттук таксилер, медицина кызматкерлерин жумуштан үйүнө, үйүнөн жумушуна ташып жатат. Ал гана эмес, жакында дарыгерлерге тамак аштан да жардам берерин баса белгилешти.

Райондогу күн-түн иштеп жаткан милиция кызматкерлерин да көз сыртында калтырбай, аларга да көп ирет колдонулуучу бет каптарды, ар кандай антисептик каражаттарды жана эки маал ысык тамак уюштурганын ишенимдүү булактар кабарлашты.

Ал гана эмес, район элине 50тонна ун, 6000л өсүмдүк майы Базар-Коргон районунун бардык айыл өкмөттөрүнө бөлүнүп берилди. Ун майлар, жетим-жесир, жашоо шарты оор замандаштарга таратылмакчы.

Андан сырткары, Айбек Алтынбековдун апасынын “Альхабар” атындагы жеке менчик медициналык клиникасы ар ыктымалга каршы, мамлекеттин балансында кокус базар-Коргон районунда таажы вирус чыкса, кабыл алууга даяр турат.

Эмне дейбиз, азырынча аты жаман оору Базар-Коргон районунда жок. Бирок, сактыкка кордук жок деп ар ыктымалга каршы даяр турган дарыгерлер менен милиция кызматкерлерине жана жашоо шарты оор жердештерине жардам колун созгон Айбек Алтынбековду бали дейбиз! Өзүн мекенчил көрсөтүп, теле менен гезит беттерин бербей өзүн мактап эч качан пиар жасабаган Айбек Алтынбеков жердештерин, кандай гана кырдаал болбосун, колдоп алаарын көрсөттү. Пиары жок эле, мекенчил мырза экенин билдик. Учурдагы кырдаал, кимдин ким экенин таанып алчу мезгил экенин көрсөтүп жатат…
Булак: BULUT.KG