Аида Касымалиева: Мени каралоо боюнча заказ болуп жатканын уктум

Аида Касымалиева: Мени каралоо боюнча заказ болуп жатканын уктум

13.07.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева  областтарда эл менен жолугушууларды өткөрүүдө.  

“Мени каралоо боюнча заказ болуп жатканын уктум, бирок тактагым да келген жок. Анткени жийиркеничтүү.

Мындан ары ушул өңдүү мени каралган макалалардын цикли/сериясы чыкса да таң калбайм.

Өлкөбүздүн ар бир облусуна барып, айрым көйгөйлөрдү жеринен чечип, мурда жасалган жумуштардын жыйынтыгын көрүп, жаңы көйгөйлөрдү угуп,талкуулап жүргөн чагым.

Карапайым элибиздин пейили сонун, акылы тунук, жүрөгү таза, баары бир акты ак, караны кара дегенге жарайт.

Акырын басса аксак дейт, катуу басса таскак дейт демекчи, унчукпасаң «балыксың», көп иштесең «пиарчысың», бирок менин көз карашымда, иштей берсең, жеңесиң.

Өзүмдү медиа аркылуу мактаткым да келбейт, бирөөнү да жамандабайм, суроолорго дайыма жооп берип жүрөм, бирок Аслан мырза, ушунча көңүл бөлүп, нерв коротуп, мени «пиарлаган» «эмгегиңиз» үчүн чоң рахмат!”,-деп билдирди депутат айым.

Булак:barometr.kg