Менин апам…

Менин апам…

22.04.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Журналисттик жумушума байланыштуу көптөгөн адамдар
менен байланышууга туура келди. Мен маектешкен инсандар
чиновниктерден баштап катардагы карапайым инсандарга
чейин эле. Апалар жөнүндө жазылган “жүрөгүмдө энекем”
аттуу рубрикага далай белгилүүлөрдүн апалары жөнүндө
баяндап жаздым. Ар бир инсан апасы жөнүндө кеп салганда
кубанып, толкунданып же болбосо тескерисинче көзүнө жаш
алып маек куруп берчү. Бир күнү бир белгилүү инсандын
апасы жөнүндө жазуу үчүн кайрылдым. Бул мырза колу
бошобой жаткандыгын шылтоолоп баш тартты. Күнүгө маек
берүүсүн суранып телефон чалгандан тажабадым. Менин
чалууларымдан тажадыбы, айтор бир күнү иш бөлмөсүнө
чакырып: “Карындашым, апам жөнүндө сөзсүз айтып берем
убактысы келгенде. Азыр даяр эмесмин”,- деди. Коштошуп
баратып, “кызык апасы жөнүндө да даярданып айтыш керекпи.
Жөн эле шылтоосу да” деп ичимден тарынып калдым.
Чиновниктин апасы жөнүндө кызыгуум тарабады. Эстегенде
маек бересизби деп суроодон тажабадым. Бир күнү сөзсүз
маек берем деп убада берүүдөн ал мырза жалкыбады. Айлар
агылып, жылдар алмашты эмнегедир кызыгуум тарап сурабай
да койдум. Бир күнү жумушта олтурсам, чөнтөк телефонума
чоочун номерден коңгуроо келди. Эрине трубканы көтөрдүм.

  • Кандай сулуу деген тааныш үн. Апасы жөнүндө
    айтуудан качкан мырза экен.
  • Жакшымын дедим.
  • Маанайың жокпу?
  • Бар эле. Сөзүмдүн аягын жуттум.
  • Сени тамактанууга чакырайын дегем?
  • Менин колум бошобойт го дедим.
  • Ии убактың болсо жакшы болмок. Мен апам жөнүндө
    айтып берет элем деди.
  • Убакыт табам анда деп күлүп жибердим. Экөөбүз
    убадалашып, бир белгилүү тамактануучу жайда тамактанып
    олтурдук. Сен тарынба карындашым, сенин апам жөнүндө
    билгиң келгенине үч жыл болду. Башында маек берүүдөн
    качканым менен сенин өжөрлүгүң мени маек берүүгө
    түрттү. Мени карап жылмайып койду. Күлүмсүрөмүш
    болгону менен көздөрүндө кандайдыр кусалыктын оту
    күйүп турганын байкадым. Негедир апасы жөнүндө кеп
    баштоодон тарткынчыктап турду. Ичимден каап, кайдан да
    апаң жөнүндө айт деп жабыштым эле, балким апасы жашында
    каза болуп, апасы жөнүндө билбей калгандыр. Ушул менин
    кызыкдарлыгымчы деп өзүмдү жемелеп алдым.
  • Кел чайдан ичсең деп чайымды жаңыртты. Ичип атам
    дегеним менен ойлорум алда кайда алып учат.
  • Менин балалыгым жөнүндө айтсам деп кеп учугун
    чубады. Түштүктүн пахтазарлуу айылдарынын биринде
    төрөлдүм. Жерден боорумду көтөргөндөн баштап эле чоң
    атам атына учкаштырып, эгин талааларында алып жүрчү. Ал
    эми атам менен апам студент болгону үчүн мурунку Фрунзе
    азыркы Бишкек шаарында окушчу. Өзүмдүн ата-энем жайкы
    каникул учурунда эле барганы болбосо, башка учурда айылга
    жолочу эмес. Мен чоң атам менен чоң энемдин карамагында
    элем. Ал кишилер менин жашоомдун бир бөлүгү эле. Чоң
    энемдин жомогун угуп кыштын узун түндөрүндө чоң атамдын
    бооруна жабышып, жомоктогу жез тумшук келип калбасын
    деп уктачумун. Менин ал кубанычым көпкө созулбады мен
    мектеп босогосун аттаган кезде чоң атам аттан жыгылып
    каза тапты. Балалык жан дүйнөмө бүлүк түшүп, эң алгачкы
    жоготууну кабыл алдым. Өлүк шаанисин кылганыбыз соң,
    элдин бары кетип, чоң короонун бурчунда чоң энем экөөбүз
    эле калдык. Негедир күндөр мага кунарсыздай туюлчу. Атам
    жалгыз эркек. Жалгыз экенине карабай шаарда иштечү. Эки
    эжеси турмушта болгондугу үчүн үйүбүзгө каттаган киши да аз
    болчу. Колу-коңшулардын анда-санда абал сураганы болбосо,
    дээрлик адам келчү эмес. Узун түндөрдө айтылчу чоң энемдин
    жомогу да азайды. Айлананы ак шейшепке орогон, бети колду
    тызылдаткан, балалык доордун шаңына бөлөгөн кыш мезгили
    кирип келди. Жаңы-Жылда ата-энем шаардан бизге келип
    түштү. Менин менден башка деле эки эркек бир туугандарым
    да боло турган бирок негедир мен аларга чоочун элем. Бала
    болуп шаарга бир да жолу ата-энемдин үйүнө барган эмесмин.
  • Айыл ичинде уулар кимдин баласысың десе
    Абсатардын деп жооп берер элем.
  • Кайсы Абсатар? Улакчынын небереси болосуңбу?
    Чоң атам белгилүү улакчы болгону үчүн өзүнүн аты унутулуп
    эле Улакчы атыгып калган. Ии деп баш ийкечүмүн.
    Ата-энем келгенде аябай маңдай жарыла кубанбаганым
  • менен ичим жылып турдум. Бир-туугандарым үйгө келип үй
  • ичибизге кандайдыр шаң кошулгандай болду. Өзүмдүн апам
  • бою узун арык чырай чачтары кундуздай кара, музоо кирпик
  • эле. Атам болсо, олбурлуу кайраттуу адамдай көрүнчү.
  • Менин сабак даярдоочу бөлмөмдө эки иним менен ойноп
  • жатып суу ичүү үчүн. Ашканага баш бактым. Мен эшиктин
  • туткасын кармай бергенимде чоң энемдин ыйлап жаткан
  • добушун уктум.
  • Мен да каарыдым жаштыгым калган жок. Көп ооруп
    жүрөм, менин көзүм өтүп кетсе Жаркыным кор болот го.
    Энесисиң бооруңа тартсаң боло!
  • Ии апа баягы жомогуңузду баштадыңызбы дагы.
    Жумуштан колум бошобойт. Турат менен Тимурду да апамдар
    карашат. Өз апам чоёктоду. Азыр эле апамдар мени шаарды
    көздөй алып кетишчүдөй абалга келе түштүм. Шаарга баргым
    келген жок. Чоң энемдин жанында эле калсам деп ичимден
    тиленип жаттым.
  • Жүргүлө чай ичкиле? Апам бизди чайга чакырды.
    Дасторкон четинде үнсүз тамак ичип олтурдук. Атам бир кезде
    мага карап, Жаркын сени шаарга алып кетелиби?
  • Жок! Мен апамды карайм дедим шердене. Чоң энемди
    апа дечүмүн. Апам кубана ырысым менин ушул бар жашоом
    жарык болуп турат деди. Кичине болсо да арстандай кайратуу.
  • Арстандан арстан туулат да өз апам сөзүн
    табышмактантып койду.
  • Чоң энем, тура Болотум деле арстандай кубаттуу дей
    салды.
  • Болотуңуз кайдагы арстан! Мышыктын дал өзү апам
    маалкатты. Атам ээй жаагыңды жапчы!
  • Апам ии эмне болду? Чын ошондой болот деп каяша
    кайрыды. Бир заматта үй ичи будуң чаңга бөлөнүп жатып
    калдык. Атам, апамды чачтан сүйрөп, ур тепкиге алды. Чоң
    энем экөөнүн урушуна чыдабай жүрөгү ооруп ооруканага
    түштү. Сабактан кийин коңшунун баласы мени чоң энеме
    алып барды.
    Көкүлүмдөн сылап, кулунум менин. Сен аман эсен
    чоңойсоң экен. Чоң энем ооруканадан кайтпай каза болду.
    Мен да ата энем менен шаарды көздөй кеттим. Атам
    алыс жакта иштечү айына бир жума эле келет. Калган учурда
    апам экөөбүз эле үйдөбүз. Инилерим тай энемдин колунда
    жумасына бир күн эле келишет. Мен болсо тай энемдин үйүнө
    дээрлик барбайм деле.
    Апам мени менен иши жок. Тамак ичтиңби, сабак оку
    деп коёт болду. Жашырганда эмне үйүбүзгө күн куру эмес
    ар түрдүү эркектер келет. Ичип-жеп ырдап чоордошот. Анда
    мен балалыгым менен түшүнбөсөм керек айланада эмне
    болуп жатканын. Бир күнү да апам адатынча бир эркекти
    ээрчитип келди. Экөө ырдап чоордоп олтурса атам сырттан
    кирип келип экөөнү тең өлөсө кылып сабап, мас немелерди
    жип менен байлап салып мени кучактап уктап калды. Эртең
    менен турсак апам ээрчитип келген киши өлүп калыптыр.
    Үйүбүз ызы чуу атам адам өлтүрүп камалып кетти. Апам
    мени болсо, жатак мектепке тапшырып салды. Мен жатак
    мектепте өзүм менен өзүм болуп, чоңойдум. Апам ошол
    бойдон мага кайрылбады. Мага бору ооруган мугалимдер, дем
    алышта майрам күндөрү үйлөрүнө алып кетишчү. Атам болсо
    камактан мен армияга кызмат өтөгөнү кеткенимде чыгып
    келди. Армияда жүргөнүмдө кат алышып турчубуз. Кийин
    байланыш үзүлдү. Ишенерим жок аракеттенип жүрүп бутума
    турдум. Дос күттүм, душман күттүм дегендей. Бир күнү сыртта
    бирөө чакырып жатканын келинчегим айтты. Чыксам атам
    турат. Чүкөдөй болгон чал турат. Бакырып ыйлагым келди.
    Үйгө баштап кирдим. Келинчегим, балдарым жакшы кабыл
    алышты. Атамды кетирбей алып калдым. Бири-бирибизди
    көпкө көрбөдүк. Балалыгым жол кароо менен өттү. Бирок ага
    атамды күнөөлөгүм келбейт. Апамды күнөөлөйм. Атам биз
    менен жашаганына жыл айланганда атама аял алып берүү
    сунушун киргиздим. Атам чок баскандай секирди. Жок Мен
    апаңды сүйгөм! Ансыз жашай албайм! Колуңдан келсе апаңды
    жаныма алып кел. Жүрөгүм сыздап кетти. Апам! Кайсы апам,
    жүрөгүм чыңырып жатты. Мен апам деп чоң энемди гана айта
    алам. ӨЗ апам болсо мени бала ордуна көрбөдү дедим.
    Атам жаман болсо да апаң деп туруп алды. Атамды кыйбай
    апамды издеп таптым. Апам мени кучактап көпкө ыйлады
    менде болсо, сезимим сенек болуп, апам ыйлаган сайын, ар
    күнү үйүбүзгө келген эркектер элестеп жатты. Апамды кечире
    албаганым менен атам экөөнү бир үйгө бөлүп койдум. Тамак
    аш- кийим кечеден өксү кылбадым. Бирок өзүм көп барчу
    эмесмин. Апамды кудай жазаладыбы, айыккыс оору менен
    ооруп жүрүп өтүп кетти. Ошондо атамдын боздогонун көрсөң
    чыдап тура албайсың.
    Апаңдын бул жашоодон бакыт таппай кетишине мен
    күнөөлүмүн. Мен учурунда келин-кызды көрсөм кыя өтчү
    эмесмин. Шоркелдей апаң мага өчөшүп жүрүп бактысыз болуп
    өттү. Апамдын өлүмү барыбыздын башыбызды бириктирди.
    Кыскасы менде апа деген түшүнүк жок экенин билдиң да деди.
    Эмне дешимди билбей. Уккан кулагыма ишенбейм жаман
    болдум.
    (Белгилүү себептерден улам аттары өзгөртүлдү)
  • Альбина ШАДЫБЕКОВА