Азамат Жоробаев, ырчы: “Жан дүйнөм назик болгону менен жүрүм-турумум андай эмес”
20.02.2020Каарман тууралуу
Туулган күнү – 18-ноябрь 1987-жыл
Туулган жери – Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Макаренко айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, бир баланын атасы
Кыргыз эли таланттарга өтө бай. Ооба, бири булбулдай таңшып ырдаса, бири куюндай ала-сала чимириле бийлейт. Дагы бири күчү менен өнөрүн өргө чапса, кийинкиси дээринде бар жөндөмү менен таң калтырат. Биздин бул жолку сыйлуу коногубуз арген үндүү ырчы мырза Азамат Жоробаев болмокчу.
—Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө он жыл болду деп калдыңыз?
- Ооба, анчейин билинбегени менен он жылдан ашып калды. Жаштайыман чыгармачылыкка кызыгып, мектепте окугандан бери аккардеон ойноп, ырдап келем. Бул аспапты ойногонума жыйырма жылдай болуп калды. Азыркы тапта бир гана ырчылык менен чектелбестен, элине күлкү тартуулап келген куудул агабыз Абдылда Иманкулов менен иштешип, “Ар бир айдын алтысы” өңдүү концерттерге катышып, аралашып келем.
- Клип, ырларыңызды деле көрбөйбүз, көбүнчө майрам-кече, тойлордон, кайрымдуулук концерттерден байкап калабыз… Сизди той ырчысы деп атоого болобу?
- Айрым эстрада жылдыздарына караганда клиптеримдин саны азыраак болушу мүмкүн. Ошентсе дагы саналуу клиптерим бар. Өтө жанып кеткен же өчүп калган жылдыздардан эмесмин, өзүмдү дайыма бир нукта жүргөн ырчы катары эсептейм.
Ооба, той-топурларга, майрам-кечелерге барып турам. Ырчы болгон соң жакшылыктарда сөзсүз кызмат кылабыз.
- Музыкалык жаатта билим алгансызбы?
- Ачыгын айтсам музыкалык билимим жок. Быйыл Ош мамлекеттик университетинин музыка факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым. Азыркы саамда 1-курстамын.
- Аккан арыктан суу агат дешет, каныңызда ыр-күүгө шыктуу адамдар бар бекен…
- Атам баян ойноп, созолонто ырларды аткарып калчу. Атамдын бир туугандары да музыкага абдан жакын. Балким мага алардан өткөн өнөр…
- Чыгармачыл адамдар назик жан болушат дейт, сиз да өзүңүздү назик деп эсептейсизби?
- Чынында көңүлүм назик. Жан дүйнөм назик болгону менен жүрүм-турумум андай эмес.
- Булбулдай мукам үнүңүз бар, бул жаатта дагы өнүгүүнү, өсүүнү пландап жатасызбы?
- Рахмат, албетте, максат улап, кыялдарга жетүүнүн жолундамын. Кудайым буйруса, жакын арада жаңы ырларыма, клиптериме күбө боло аласыздар. Бул жыл жемиштүү болот деген терең ишеничтемин.
Айбек Нурланов
Булак: Bulut.kg