Азамат Жоробаев: “Тез жанып, жалп өчкөн жылдыз болгум келбейт”

Азамат Жоробаев: “Тез жанып, жалп өчкөн жылдыз болгум келбейт”

13.07.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Атактуу залкар обончулардын көчүн улай турган,  келечектен көптү үмүттөндүргөн,  жаш обончу аткаруучу Азамат Жоробаев бизде мейманда.

—    Азамат куш келипсиң биздин редакцияга! Чыгармачылыкта болуп жаткан жаңылыктарың менен окурмандарга бөлүшүп кетсең?

  • Өткөн жылы менин чыгармачылыгым бир аз солгундай түшкөн. Мына эми быйылкы жылы керемет жаз айын өткөрдүм, аптаптуу жайда негедир эргүү келип чыгармачылыкка баш отум менен киришип жатам. Кудай буйруса быйылкы жылы көптөгөн ийгиликтерди багынтам деген тилегим бар.
  •  Кайсыл акындар жана обончулар менен иштешип жатасың?
  • Акындардан Бактыгүл Чотурованын ырларына обон жазып жүрөм. Жакындан бери Бактыгүл эженин сөзүнө жазылган “Жек көрүү болгон жерде сүйүү да бар” деген обонум, клиби менен “Муз каналдан” көрсөтүлүп жатат. Жакында Абдирашит Урбаев деген акын агамдын ыр китебин колума алдым. Окуган соң эргү алган элем. Эми  жакшы обондорду жаратам деген оюм бар.

          Азырынча өзүмдүн обондорумдан сырткары, таланты менен таш жарган атагы таш жарган обончулардын ырларын аткарып жүрөм. Жакында эле эски обондуу ырларды жаздырдым. Кудай буйруса, жакынкы күндөрдө клиптерди тартууга бел байлап жаткан кезим.

  • Балалык издериң кайсыл чөлкөмдө калган?
  • Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Макаренко айылында 1987- жылы жарык дүйнөгө келгенмин. Балалыгым башка айылда өскөн балдар сыяктуу жакшы өттү.
  • Ырчылык кимден өткөн?
  • Атам музыкага шыктуу адам болчу.  Апам да жакшы ырдачу. Биздин үйдө дайыма ыр жаңырып турчу. Үйдөгүлөрдүн  таасирлеринен  уламбы, мектепте окуп жүргөн кезимде  комуз ийримине катышып, комуз, баян чертип жүрүп  акыры аккордеонго келип токтолдум. Бала кезимден эле айылдаштарымдын жакшылыктарында, той-топурларды шаңга бөлөп, ырдап атак алганмын. Чыгармачылык негизинен бала кезден башталган деп айтсак да болот.  
  • Ырчылык кесипби же хоббиңби?
  • Негизи кесибим башка эле. Негедир ырчылык, обончулук жан дүйнөмө шайкеш келип, чыгармачылыктын тегирменине аралашып кеттим. Эми кудайым насип кылса, ырчылыгымды өркүндөтүү үчүн жогорку билим алып коюну көздөп жатам. Ыр дүйнөсү кесибим, хоббим десем деле болчудай. Мен чыгармачылыкты таштап башка кесипти аркалап кетейин деген ниетим жок. Ошондуктан, жан дүйнөмө туура келчү ырларды аткарып, обондорду чыгарып элиме тартуулай бермекчимин.
  • Келечектеги пландарың?
  • Келечекте улуу муундагы залкар обончулардын , ырдалбай калып кеткен ырларын жана өзүмдүн обондорумду калкыма жетизе, тартуулай алсам экен деген тилектерим бар.. Келечекке койгон асыл максат ой тилектер көп. Азырынча анын бары көмүскөдө катылып турсун. Учуру келгенде сиздер менен сөзсүз бөлүшөм.  .
  • Учурда коюлуп жаткан жеке концерттер кандайдыр окшоштой туюлат. Башкалардан өзгөчөлөнгөн жеке концерт кою оюңда барбы?
  • Туура байкапсыз, кээ бир учурда кандайдыр бир окшоштуктар байкалат. Буйруса эчкимге окшоштурбай, кимдир бирөөлөрдү туурабай жеке концертимди берем деген ниетим бар.  Жеке концертимде өзүмдүн обондорум гана эмес, атактуу обончулардын чыгармаларын жалаң гана аккордеонго салып жандуу аткарсам деген ниетим бар. Концертке келген угармандар жакшы таасир алып, татыктуу эс алып кетсе дейм. Ал күндөр деле алыс эмес.
  • Шоу бизнестен эмне таптың жана  жоготтуң?

—  Шоу бизнестен  көп нерсе таптым. Кыйышпас чыгармачыл досторду, жакшы санаалаштарды таптым. Ошол эле учурда душман деле ашырдым. Чыгармачыл инсан болгон соң, таяктын эки учу бар сымал, жакшы жаман жагы болот экен. Ал эми, жоготконум бул убакыт. Шаарга келгенден бери айылдагы жакшылык жамандыктардан бир аз алыстай түшкөндөймүн.

                Жалпы колдогон угармандарымдын жардамы менен алдыга жылдым, эң негизгиси нагыз менин ырымды сүйүп ууккан угармандарды таптым десем болот

—    Ырчылыктан башка кандай өнөрүң бар?

  • Өнөрлөрүм көп эле. Негизи “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт. Ошол жетимиш өнөрдүн баарын жасаганга колдон келишинче аракеттенип  жатам.
  • Клиптерди тарттырууга, ыр жаздырууга спонсор табыш оңойбу?
  • Жок негизи оңой эмес, кыйынчылыксыз ийгилик жаралбайт да. Спонсор жоктун айынан ыр жаздыруум чыгармачылыгым, жай баракат баратат десем, жаңылышпайм. Менин чыгармачылыктан башка бизнесим, акча тапчу булагым жок

       — Ар бир ырчынын чоң сахнага чыккан учуру эстен кетпейт эмеспи? Сени биринчи сахнага ким алып чыккан?

  • Айылда жүргөндө, райондук деңгээлде мени колдоп жүргөндөр Жеңишбек Айтиев, Эрнист Бөрүбаевдер болушту. Ал эми Борборго келгенде алгачкы чоң сахнага Тынар Курбаналиев алып чыкты. “Ар бир айдын алтысы” деген долбоорго катыштым. Ал 2011-жылдар эле.Ошентип чоң сахнадагы тушоом кесилди.
  • Алгачкы продюсериң ким?
  •  Негизи шаарга алгач келгенде Назима Жолдубаева менен иштешкем. Ал эже  өзү продюсер эмес эле мага жөн гана, өзүмдүн каражатым менен  колдоо көрсөттү.  Назима эже менен иштешкенде жылдызым жанып кетпесе да чыгармачылыгым алдыга жылган. Эгер чыныгы продюсерим болгондо анда балким жылдыз болуп кетет белем…

Жылдыз деп калдың, ырчылардын арасында тез жылдыз боло албай жүргөндөрдүн себеби эмнеде деп ойлойсуң?

— Учурда бардык нерсени акча чечип калган доордо жашап калбадыкпы… Акчаң көп болсо, атактуу ырчы болуп кетүү тез эле. Азыр атактуу болуу үчүн, сенин кубулжуган үнүң жок болсо деле боло берет да. Чыгармачыл чөйрөдө ар ким өз киндигин өзү кесет эмеспи. Ыр жаздырмай, клип тарттырмай, кийим тиктирмей, жазылган ырларыңды көтөрүп алып теле-радиолорго алып бармай. Ошонун баары тыйын менен чечилчү маселе да. Ошондуктан тыйынсыз ырчылар тез жылдыз боло албай жатканы ошондон.

Сенин жылдызың жылт этип качан жанат…

—    Бала кезден берки кыялдар акырындык менен ишке ашып келе жатат. Буйруса жакшы обондорду замандаштарыма тартууласам, ар бир ырдаган ырым угармандын жүрөгүнөн түнөк тапса дейм. Өтө тез жылдызы жанып, жалп өчкөн жылдыз болгум келбейт. Жылдызым учуру келгенде жанар. Азырынча шашпай элемин. “Жакшы ниет, жарым ырыс” дегендей элибиз аман болсо, жакшы маанай көтөрчү чыгармалар жарала берет деген ойдомун. Биз басчу жолдор, биз ашчуу бийиктиктер али алдыда.

  • Шоу бизнесте атаандашуу күч дешет сенин көз карашың кандай?
  • Мен эстрада ырчысы эмесмин. Эстрада ырчыларында балким атаандашуу бардыр.  Менде андай көрө албастык, атаандашуу деген мүнөз жок. “Алыбай алына жараша” дегендей ар ким өз деңгээлине жараша оокат кылат да.

Булак: Bulut.kg