Адамзатка белгисиз өлүм алып келүүчү вирус табылды

Адамзатка белгисиз өлүм алып келүүчү вирус табылды

03.07.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Боливиянын Саламаттыкты сактоо министри Габриэла Монтаньо өлкөдө адамзатка мурда белгисиз болгон өлүм алып келүүчү вирустун табылганын билдирди. Инфекциядан бир аял көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлоодо. 

Ооруну каза тапкан аялдан интенсивдүү терапия бөлүмүндө иштеген  дагы эки дарыгер жуктуруп алган, алар учурда калтырап, баштары жана ичи катуу ооруп жатканына даттанышууда.

Дарыгерлер ошондой эле оорулуу аял менен байланышта болгон үч адамдын абалына байкоо салып жатышат.

Ла-Пастын эки мамлекеттик ооруканасында чукул түрдө санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык чаралар кабыл алынды.

Эл аралык үч эксперт Ла-Паска вирус тууралуу кеңири маалымат билүүгө келишти. Жергиликтүү лабораториялар бул вирусту аныктай албагандыктан анын үлгүсүн Америкадагы ооруларды алдын алуу жана көзөмөл борборуна жөнөтүштү.

Булак:barometr.kg