«Абылгазиев отставкага кетпесе,эч качан жакшылык көрбөйбүз!»

«Абылгазиев отставкага кетпесе,эч качан жакшылык көрбөйбүз!»

13.09.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Акыркы кезде өкмөттүн кайсы багытта иш алып барып атканын эл көрбөй атат, анысы
коомчулукта күмөн жаратууда. «Өкмөттүн кандай кемчиликтери түйшөлтөт, кайсы
тармактарга ичибиз чыкпайт?» деген соболду кыргыз коомчулугу жакшы билген
жаштарга берип көрдүк. Баары бир ооздон азыркы өкмөттүн, анын башчысы Мухамметкалый Абылгазиевдин ишмердүүлүгүнө тийешелүү сын пикирлерин айтышты. Эмесе,бирге тыңдайлы.

Айбек мырза,жарандык активист

-Өкмөттүн эң негизги  кемчиликтери катары тоо-кен тармагынын жөнгө салынбай жатканын айтар элем. Кумтер баш болуп, башкы келишимди ишке киргизүү боюнча кол койду. Ал жерде такыр мамлекеттин кызыкчылыгы жок. 2009-2013-жылдагы коррупциялык келишимдерди жокко чыгарып.Кумтөр менен жаңы сүйлөшүүгө баруу (!) деген ниети да жок. Бул нерсени чечкинсиз кадам катары баалайм. Экинчиден, Жерүйдө 5 млрд. доллар баасында алтындын байлыгы бар. Кыргызстандын пайдасы нөл! Коррупциянын туу чокусу! Жерүйдүн азыркы кожоюндары менен сүйлөшүүгө барып,
башкы келишимди түзөт, ошол жерде мамлекеттин 70 пайыз улушу кылып көрсөтүш керек. Андан тышкары, 27 жерде алтын казуу жер лицензиясы берилген. Ошолордун да лицензияларында мамлекеттин үлүшүн 70 пайызга жеткирүү жагын тыкыр көзөмөлгө алуусу абзел. Негедир буга да өкмөт көз жумуп жатат.
-Эми билим тармагындагы көйгөйлөрдү биз айтпасак да карапайым элдин калың катмары билип калды. Союздан келген эле билим берүү системасында жүрөбүз. Ал эми учурда дүйнө жаңыланган, заманбап нукта өнүгүп жатканы менен өкмөттүн иши да жок. Окуу куралдарынын чет мамлекетте чыгып жатканы эле коомчулукка күмөн туудуруп коррупция дагы деле болуп аткандай түр калтырат. Үчүнчүдөн, өлкөнүн экономикасы мамлекеттин локомотиви болуусу шарт. Бул жаатта конкретүү кандай иш  чаралар  жүрүп жатат,каржы булактары кайдан келет,өкмөт башчы тараптан эч бир демилгени көрбөй турам. Мамлекеттик деңээлде ири долбоорлор жокко эсе. «Өгүз өлбө, арабасынба» деген кейипте, салыктан түшкөн акчаны эле министрликке бөлүштүрүп коюп жашаган менен алек. Элге башка, прогрессивдүү жолдорду сунуштаган жок.

Аманбол БАБАКУЛОВ, жарандык активист:

-Ар дайым эле өкмөттү куроодо саясый партиялардын, ошол эле саясый көз караштагы кызыкчылыкгардын айынан министрлер кабинетинин даярдалып жатканы мени өкүндүрөт. Кесипкей эмес адамдардын келип жатканы жана ошондой эле иш тажрыйбалуулугу эске алынбаганы, реформаторлук идеялары жоктугунун кесепетинен биздин өкмөт аксагандан аксап, артка чегинип баратат. Мындай кебетелери менен жүрүп отурса, жакында мамлекетти сызга отургузуп, сазга тыгат өңдүү. Өкмөт башчы Абылгазиев баардык министрликти көзөмөлдөйт,  эмне үчүн бирдеме болсо эле министрлерди жазалайбыз да, өкмөт башчыга ун катпайбыз? Чындап келгенде ушунун баардыгын ЖКга апкелип, депутаттардын алдында мактап-жактап, «министр болгонго татыктуу, мыкты, ишти жөндөйт» деп шайлаттырып алат. А иш жүзүндө ошол министр кызматты аркалай албай өкмөттү жаманатты кылып, артка тартып, акыры жумуштан алынат. Алыс кетпейли, мына, билим берүү министрин алсак болот. А өкмөт башчы кызмат ордунда калды. Демек’жоопкерчилиги премьер-министрде да сөзсүз болушу керек. Мындай учурда биринчи кезекте Абылгазиев кызматтан кетиши ажеп эле. «Балык башынан сасыйт, куйругунан тазалайт» деген акыбалда калабыз. Ооба, мамлекеттин Башмыйзамында бакыйып жазылып турат, «…ар бир министрлик өз алдынча иш алып барат» деп. Бизде таптакыр андай эмес. Министр премьер-министрге карап иш кылат. Өз учурунда өкмөт башчы ажого карап түздөнөт, Жогорку Кеңешти кылчактайт, көз каранды, «күнкарамалар». Мындайча айтканда, тээтиги Акаевдин доорунан бери келаткан эски системаазыр да «жемишин» берип атат. Биз эски системаны түп-тамырынан бери талкалап, жаңы системага өтмөйүнчө, мамлекетибиз алдыга жылбайт.

Баялы ТӨРӨБЕК0В, Апрель баатыры:

— Учурда өкмөт башчыбыз Мухамметкалый Абылгазиев элден кечиримсурап, өтө шашылыш отставкага кетип, кызматын өткөрүп берсин! Кайсы тармакты албайлы, «өгүз өлбө, араба сынба». Улуу реформалар, кардиналдуу өзгөрүүлөр, алдыга жылыштар таптакыр жок! Эч кандай элдин жашоосу жакшы жакка өзгөрбөдү. Жакшылык көргөн жокпуз. Эгер жакшы жакка өзгөрүүлөр болуп атса, анда ал элдин өзүнүн өкмөткө тийешеси жок жеке өзгөрүүсү. Чындап келгенде, бул өкмөттүн айынан ажобуз Сооронбай Шариповичке дагы жаман сөздөр коомчулук  тараптан айтыла баштады. Абылгазиевдин элге дух, дем бере турган, көзүн ача турган улуу реформаларды жасай албаганы, кашаң аттай эле таасир калтырат.Командасына жаш, билимдүү кардларды чогултса жакшы болмок. Кадрлардан жана командадан өтө аксап атат. Жашоо токтоп калгандай абалда турабыз. Негизи, өкмөт башчыбыз адам катары жакшы адам, бирок, элдин жашоосунун оңолушуна бул өтө аздык кылат. «Эптеп эле күндөр өтө берсе болду» деген саясатты кескин токтотуш керек. Токтоосуз кетпесе, эртең кеч болуп калат. Кызматта отурган ар бир күн мамлекеттин өсүп-өнүгүшнө балта чаап, өлкөнү  артка тартып, ажонун «жасайм» деген ишине тоскоол кылып атат,мен ушундай эле сезип атам.

Булак: «Азиянюс»