Абылгазиев иштен кетпей туруп, Алтынай Өмүрбекова кантип премьер-министр болуп калды?

Абылгазиев иштен кетпей туруп, Алтынай Өмүрбекова кантип премьер-министр болуп калды?

31.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жарандардын электрондук кайрылууларынын порталы болгон өкмөттүн расмий сайты өкмөт жетекчиликтеринин аты-жөндөрүн жазууда чоң саясий ката кетирип, ал бир нече ири маалымат агенттиктерине тарады.

Анда аталган сайт “Өкмөттүн жетекчилиги” бөлүмүндө социалдык тармакты тейлеген вице – Алтынай Өмүрбекованы “премьер-министр” деп жазган.

“Ошондо Абылгазиев менен бирге Кыргызстанда эки премьер-министр барбы? -деп суроо салат айрым агенттиктердин окурманы.

Учурда сайтта аталган ката оңдолуп, Алтынай Өмүрбекова кайрадан вицеликке “түштү”.   

Булак: NazarNews.kg