Абылгазиев Бишкекте 2 адамдын сабалышын иликтөө боюнча чара көрүүнү тапшырды
05.09.2019Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарында эки жаранды ур-токмокко алуу фактысын иликтөө боюнча акыркы чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлигине жабыркагандарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнү, зарыл дары-дармектер менен камсыздоо тапшырмасын берди.
«Ырайымсыздыгы менен таң калтырган 2019-жылдын 28-августунда болуп өткөн эки жаш жигитти ур-токмокко алуу окуясы тыкыр иликтенип, күнөөлүү адамдар жоопко тартылууга тийиш. Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлик жана кесипкөйсүздүк көрсөткөн милиция кызматкерлерине карата тийиштүү чаралар көрүлүшү керек. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок», – деп баса белгиледи Абылгазиев.
Премьер-министр бул окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүнү жана бардык мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керектигин белгиледи.
Айта кетсек, 28-августта таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ орун алган. Тагыраагы, Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанынан болгон мушташта эки киши жабыркап, бири комага түшүп калган. Бишкек милициясы мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлаган.
Булак:zaman.kg