Абылгазиев: Бир өлкөнүн пайдасына гана чечим чыкса, башка өнөктөштөр жабыркайт!

Абылгазиев: Бир өлкөнүн пайдасына гана чечим чыкса, башка өнөктөштөр жабыркайт!

25.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөр бири-бирине шартташып иш кылуусу керек. Дал ушундай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Москва шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинде билдирди.

Анын айтымында, мүчө өлкөлөрдүн экономикасын өстүрүү боюнча алгылыктуу иштер болуп жатат. Бирок ошону менен укуктук база, ички рыноктогу чектөөлөр сыяктуу тоскоолдуктар болуп келет.

«Бул маселе боюнча ачык диалог кылып, ишти позитивдүү нукка бурууну сунуштайм. Дүйнөлүк практикага караганда, биздики сыяктуу биримдиктерде бир өлкөнүн пайдасына гана чечим кабыл алынса, башка өнөктөштөр жабыркайт. Эгер биримдигибиз бекем болсун десек, өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын тебелебей, “шартташуу механизмин” колдонушубуз керек деп ойлойм”, — деди Абылгазиев өз сөзүндө.

Айта кетсек, өкмөт башчылардын жолугушуусу Москвадагы «Сколково» инновациялык борборунда болду.

Булак: Bulut.kg