Абдилдин абийири төгүлөбү?
15.08.2019Бир кездеги Акаевдин басма сөз катчысы, Атамбаевдин УКМК башчысы Абдил Сегизбаев бүгүн, 13-августка суракка чакырылды. Сегизбаев акыркы күндөрү саясаттан алыстап, кайда жүргөнү белгисиз болуп, дымы чыкпай кеткен эле. Көрсө ылайыктуу учурду күтүп жатканбы ким билсин, айтор УКМКнын Атамбаевди күч менен алып келүү операциясы убагында, Атамбаевдин жанына бара калып, резина ок жаңылыптыр. Буга чейин “Атамбаев менен бир гана адамгерчилик мамилебиз бар. Ошол адамгерчилик мамиледе сүйлөшөбүз, көбүнчө. Жумуш боюнча эмес, азыркы президент менен да сүйлөшүп турам, келечек тууралуу сүйлөштүк” – деп берген маеги эсибизде. Ошондо акыркы күндөрү дымып жаткан Абдилдин адамгерчилиги ойгонуп, сүйлөшкөнү барганбы? Же дагы көздөгөн башка максаты бар беле? Эми болсо минтип ок жаңылганы курусун ошол окуяда атайын кызматтын алты жоокерин туткунга алуу боюнча иште күбө катары чакырылып жатат. Бул иште карга карганын көзүн чукубайт болобу же Абдилдин абийири төгүлөбү?
Булак: «Факты.kg»