Абакка симкарта менен дарыны туздалган бадыраңдын ичине катып кирмек болгон
20.10.2021Аял абакка симкарта менен дамедрол дарыларын киргизүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы билдирди.
Маалыматта, Беловодское айылында жайгашкан №16 түзөтүу абагында жаткан жакынына тамак-аш киргизип жаткан аял тамак аштын ичине симкарта менен дарыларды катып койгон. Тамак-ашты текшерүү учурунда 50 жакын сим-карта жана 4680 даана димедрол дарысы табылган. Аларды камырдын ортосуна, ошондой эле туздалган бадырандын ортосуна салып дыкаттык менен катып чыккан. Бул боюнча кылмыш иши катталып, тергөө иштери жүрүүдө.