(Абайлагыла, сүрөт) Бишкекте кыздын өлүгү табылды. Милиция бул кызды тааныгандарды издеп жатат
06.11.2019Бишкекте 3-ноябрь күнү эртең менен ЖЭБке жакын жерден кыздын сөөгү табылган. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда шаардык ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кыздын өлүгү 3-ноябрда ЖЭБке жакын жерден саат 07:00 чамасында табылган. Маркумдун денесинде эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес. Анын жашы болжол менен 20-25 жашта.
Белгилери: Бою 165 см, арык келген, кара узун чачы бар, бети тоголок.
Өзгөчө белгилери: Үстүңкү тишинин оң жагында туура эмес өскөн тиши бар, сол бутунда кызыл жип менен адамдын жана бактын сүрөтү чегерилген билериги бар.
Кийинген кийими: I love Moscow деген жазуусу бар көк түстөгү футболка, Sports жазуусу жана кызыл тилкелери менен кара шорта, бутунда 36-38 өлчөмүндөгү ак кроссовка.
Милиция бул кыз тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондорго кайрылууну суранат: Тел.: 0553 102-387, 0703 222-622, 0702 498-888, 0772 847-336 же 102
Булак: NazarNews.kg

